Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Бейөкмөт уюм абактагы ачкачылык боюнча Акыйкатчыга кайрылды


Камактагы оппозициячыларды коргоо акцияларынын бири. Бишкек, 2017-жыл.
Камактагы оппозициячыларды коргоо акцияларынын бири. Бишкек, 2017-жыл.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму 31-январда акыйкатчы Кубат Оторбаевге, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчисине кайрылуу жиберди. Анда ачкачылык жарыялаган камактагы оппозициячылардын укуктарын коргоого чакырык ташталган. Ошондой эле 30-январдан тартып камактагылар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтан кетирүү талабы менен "кургак ачкачылык" жарыялашканы маалымдалган.

"Бизге жеткен маалыматтарга караганда 30-январь күнү саат 10дон тартып Бектур Асанов, 31-январда Эрнест Карыбеков "кургак ачкачылык" башташты. Аларга 1-февралда Кубанычбек Кадыров да кошулат", - деп жазылган уюм тараткан билдирүүдө.

Буга байланыштуу "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму жана камактагылардын жакындары Акыйкатчыдан алардын укуктарын жана эркиндигин коргоону, ачкачылык маалында алардын ден соолугун көзөмөлдөп берүүнү суранды.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен ("Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү") айыпталган. Алар 2016-жылдын мартынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыратууга, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен.

Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. Буга чейин камактагылардын адвокаты Нина Зотова Бишкек шаардык сотунда бүгүнкүгө белгиленген жараян айыпталуучулардын ачкачылык кармаганына байланыштуу болбой калганын "Азаттык" радиосуна билдирген. Асанов, Карыбеков жана Кадыров ден соолугун көзөмөлдөш үчүн УКМКнын тергөө абагынан башкалаадагы №47 абакка которулганы кабарланган. (NT)​

XS
SM
MD
LG