Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

ЖЭБдеги кырдаалдан улам эки жетекчи иштен алынмай болду


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Премьер-министр Сапар Исаков «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматына байланышкан маселени карап чыгууну «Улуттук энергохолдинг» компаниясына тапшырды. Бул тууралуу Исаков парламенттин 31-январдагы сессиясында билдирди.

Анын айтымында, жылуулукту калыбына келтирүү боюнча ыкчам штабдын демилгеси менен кырдаалдын себептерин иликтеген өкмөттүк комиссия түзүлүп жатат. Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттарын, тиешелүү мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн, энергетика тармагындагы адистерди жана көз каранды эмес эксперттерди кошууга аракет көрүлүүдө.

Премьер-министр ЖЭБдеги абалды оңдоо иштери уланып жатканын, эки жетекчини иштен алуу «принципиалдуу чечим» экенин, "башкаларды да катуу жазалагысы келип жатканын, бирок сабыр кылып, комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүү керек экенин" белгиледи.

Сессияда бир катар депутаттар "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси "Айбек Калиев да иштен кетиши керек" деген ойлорун ортого салышты. Сапар Исаков анын кызматын тапшыруу жөнүндө арызын кабыл албай койгонун айтты. Ошондой эле депутаттардын арасында Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун энергетикада иш билги адис экенин айтып, кызматкерлерди иштен албай, алардан абалды жөнгө салууну талап кылууну, тескерисинче кызматтан кетирип, жазалоону сунуш кылгандар да болду.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыккан. Бүгүн айрым райондорго жылуулук өтө ысык болбосо да берилгени белгилүү болду. Ал эми бир топ абоненттер үйлөрү дале жылыбай жатканын билдирип жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG