Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Бишкекте Ала-Арча суусу ташкындап, үч үйдүн короосун каптады


Бишкек. Рыскулов көчөсү. 27-январь, 2018-жыл.
Бишкек. Рыскулов көчөсү. 27-январь, 2018-жыл.

Бишкекте 31-январда Ала-Арча дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, Муратбек Рыскулов көчөсүндөгү үч үйдүн короосун каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, 28-январда Бишкектин Биринчи май районундагы Абдылас Малдыбаев көчөсүндөгү “Илим” мектебинин тушунда Ала-Арча суусу тоңуп, муз катмары пайда болгон. Натыйжада суу жээктен ашып, жолду каптап кеткен. Ала-Арча суусу менен катар Аламүдүн дарыясын муздан тазалоо иштери уланууда.

Окуяга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясынан кетип калды. Ал Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен чогуу суу каптоонун алдын алуу иш-аракеттерин көзөмөлдөп жүргөнү белгилүү болду. Чукул кырдаалга байланыштуу премьер-министр Сапар Исаков да жыйындан эрте чыгып кетти.

27-январда Ала-Арча дарыясы агып өткөн Рыскулов көчөсүндөгү көпүрөдө муз тоңуп, суу нугунан ашкан, беш турак жайдын короосун каптаган. (NT)

XS
SM
MD
LG