Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:55

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 1-февраль күнү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү Анкарада" аттуу көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөдө Момунбек Акматкулов, Ормон Идирисов баштаган кыргызстандык беш сүрөтчүнүн Айтматов темасындагы сүрөттөрү коюлган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги уюштурган бул маданий иш-чарада тарыхый "Саякбай" көркөм тасмасынын бет ачары болуп, ага жергиликтүү расмий адамдар, кыргызстандык эмгек мигранттары, студенттер жана түркиялык Айтматов таануучулар катышты.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялаган. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата Түркиянын булуң-бурчунда ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. (ElB)

XS
SM
MD
LG