Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Москва соту Али Ферузга башка өлкөгө кетүүгө уруксат берди


"Али Феруз" деген лакап ат менен таанымал "Новая газета" басылмасынын журналисти Худоберди Нурматов сот залында. 8-август, 2017-жыл. Москва.
"Али Феруз" деген лакап ат менен таанымал "Новая газета" басылмасынын журналисти Худоберди Нурматов сот залында. 8-август, 2017-жыл. Москва.

Москва шаардык соту "Новая газета" басылмасынын журналисти Али Ферузду Орусиядан күчтөп чыгаруу процедурасын токтотуп, ал өзү каалаган өлкөсүнө чыгып кетүүгө уруксат берди. Бул тууралуу 2-февралда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын кабарчысы сот залынан билдирди.

Соттун чечимине ылайык, ал башка өлкөгө чыгып кеткенге чейин азыркы кармалып турган жеринде - чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайда болушу керек.

22-январда Жогорку сот Ферузду өлкөдөн күчтөп кетирүү тууралуу мурдагы өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.

"Али Феруз" деген лакап ат менен таанымал Худоберди Нурматов Өзбекстандын жараны. Ал сегиз жыл мурда өз мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ташкентте журналистке "террорчул уюмдар менен кызматташкан" деген айып коюлган. Бир нече жылдан бери ал Орусияда иштеп, качкын макамын алууга документтерин тапшырып келген. Орусиянын Ички иштер министрлиги ага башпаанек берүүдөн баш тарткан.

Былтыр августта Али Феруз "миграциялык мыйзамдарды бузду" деген кине менен Москвада кармалган. Кийин Орусиянын доо арыздарды караган соту аны Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон. Буга журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап жатканы түрткү болгон.

XS
SM
MD
LG