АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Латын Америка мамлекеттерин Орусия жана Кытай боюнча эскертти. Ал бул эки өлкөнүн аймактагы аракеттерин "кооптондурарлык" деп атап, Латын Америка мамлекеттерин Кошмо Штаттар менен иштешүүгө чакырды. Тиллерсон бул сөзүн Латын Америка мамлекеттерине барарда айтты.
- Кытайдын мамлекеттик өнүгүү модели өткөндү эске салат. Ал бул жарым шардын келечеги болбошу керек. Кытай бүгүн Латын Америкасында орун-очок алууда, мамлекеттик экономикалык машинасын колдонуп, аймакты өз огуна тартып жатат. Бирок мунун куну кандай болот деген суроо бар. Кытай бүгүн Аргентинанын, Бразилиянын, Чилинин, Перунун эң ири соода өнөгү. Бул соода пайда алып келгени менен кытайлыктардын көбү колдонгон адилетсиз соода тажрыйбалары бул мамлекеттердин өндүрүштүк тармагына зыян тийгизип, жумушсуздукту жана айлык акынын кыскарышын шарттады, - деди ал 1-февралда Техастагы Остин университетиндеги жыйында сүйлөп жатып.
Тиллерсон ошондой эле “Латын Америкасы өз элинин гана пайдасын көздөгөн жаңы империялык державаларга муктаж эмес”, деп белгиледи.
Мамлекеттик катчынын бул билдирүүсү Вашингтондун улуттук коопсуздук боюнча стратегиясында Кытай менен Орусия АКШга “атаандаш державалар” катары көргөзүлгөндөн кийинки маалга туш келди.
Рекс Тиллерсондун Латын Америка мамлекеттериндеги иш сапары 2-февралда башталып, жетисинде аяктайт. Ал Мексикага, Перуга, Аргентинага, Колумбияга жана Ямайкага барат.