Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:28

Трамп америкалыктарды биригүүгө үндөдү


Президент Трамп АКШ Конгрессинде сүйлөп жаткан маалы. 30-январь, 2018-жыл.

Шейшембиде АКШнын президенти Доналд Трамп Конгресске келип “Өлкөдөгү абал жөнүндө” баяндамасы менен америкалыктарга кайрылды.

Трамптын президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи кайрылуусу 80 мүнөткө созулуп, басымдуу бөлүгү инфраструктураны кайра куруу, иммиграция саясатын реформалоо сыяктуу АКШнын ички маселесине арналды.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Конгрессте туруп америкалыктарды “бир үй-бүлөдөй” биригүүгө үндөдү. “Бир командага, бир элге, бир үй-бүлөгө” бириккен америкалык жарандар “коопсуз, кубаттуу жана сыймыктана турган Американы” куруу үстүндө чогуу аракеттенет, - деди Трамп.

Демократтарга кайрылып, ал улуттук экономика муктаж болуп турган масштабдуу реформаны жүзөгө ашырууда кызматташууну сунуш кылды. АКШ президенти шайлоодон бери 2,4 миллион иш орундары түзүлгөнүн, айлык көбөйгөнүн, жумушсуздук соңку 45 жылдагы эң төмөнкү чекке жеткенин айтты.

Трамп мамлекет башына келгенден берки ийгиликтерге да токтолуп, алды менен салык реформасын жана экономикадагы өсүштү баса белгиледи. “Эгер силер ишенсеңер жана иштесеңер - максатыңарга жетесиңер” деди Трамп америкалыктарга кайрылып. Анын мындай мекенчилдик маанайдагы сөзүн Конгресстин мыйзам чыгаруучулары кол чаап, коштоп турушту.

Трамп тышкы саясатка да токтолуп, Кытай менен Орусияны Американын “атаандаштары” катары баалады. “Алар биздин кызыкчылыктарга, экономикага жана баалуулуктарыбызга жаңы милдеттерди артып жатышат. Бул коркунучтар менен кармашта алсыздык - жаңжалга жетелей турган жол экенин билебиз” - деген америкалык лидер коргонуунун эң жакшы жолу – кубаттуу күч экенин баса көрсөттү. Трамп ошондой эле Конгресстен коргонуу тармагына жана армияга жумшалчу каражатты кыскартпоону суранды.

Конгресттеги кайрылуусунда президент америкалык мыйзам чыгаруучулардан Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимди оңдоодо жардам берүүнү өтүндү.

- Ирандын эли өзүнүн коррупциялашкан диктатурасына каршы көтөрүлгөндө мен үн катпай койгон жокмун. Америка Иран элинин эркиндик үчүн каармандык күрөшүндө аны менен бирге, – деди Трамп.

Ошондой эле ал Түндүк Кореянын да өзөктүк программасын ооздукташ үчүн “максималдуу басым көрсөтүп жатабыз” деп белгиледи.

Трамптын кайрылуусунан кийин демократтар жооп кайтарышты. Алар 2016-жылы өткөн шайлоодон кийин Кошмо Штаттардын коому ажырымга туш келгенин айтып, сындап жүрүшөт. ​

Жозеф Кеннеди. 30-январь, 2018-жыл.
Жозеф Кеннеди. 30-январь, 2018-жыл.

- Бул администрация бизди коргогон мыйзамдарды гана бутага албастан, "адамдарды коргош керек" деген идеяны бутага алып жатат, - деди Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Кеннедилер кланынан чыккан жаш саясатчы Жозеф Кеннеди III Массачусетстеги эл менен жолугушууда.

Трамптын сөзүн талдаган эксперттер президенттин биринчи кайрылуусу иммиграция маселесинде кескин, терроризмге каршы күрөш тууралуу чечкиндүү угулганын белгилешти. Адистер "эл аралык маселелерге келгенде анын сөзү Жорж Буштун кичүүсү менен Барак Обаманын экинчи мөөнөтүндөгү идеялардан анча айырмаланган жок" деп баалашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG