Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

АКШ: ФБРге байланыштуу жашыруун документ жарыяланды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШда республикачыл мыйзам чыгаруучулар даярдаган жашыруун меморандум коомчулукка жарыяланды. “Нью-Йорк Таймз” кабарлагандай, бул документте "ФБР президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүн тыңшоо үчүн мыйзамсыз өтүнүч келтиргени" айтылат. Президент Трамп Конгресстеги республикачылар жетектеген Чалгын комитетинин төрт барактан турган бул меморандумун ачыкка чыгарууну жактырды.

Конгресстеги демократтар жашыруун документти ачык жарыялоо чечимине каршылыгын билдирип, мындай аракет Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллердин ишине кедергисин тийгизет дешкен.

2017-жылдын башында АКШнын чалгын кызматтары орус тарап шайлоодо Трампты колдоо максатында хакердик чабуулдар аркылуу Хиллари Клинтондун беделин түшүрүү аракетин көргөн деген тыянагын жарыялашкан. Кремл да, президент Трамп да мындай маалыматтарды башынан бери төгүнгө чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG