Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

Бишкек Жылуулук борборуна жаңы жетекчи дайындалды


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборунун директору болуп Андрей Воропаев дайындалды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди. Анын айтымында, Воропаев буга чейин аталган борбордун электр жабдуулар боюнча башкы инженеринин орун басары болуп иштеген. Энергетика тармагында 26 жылдан ашык эмгектеген жана 2003-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин жетектеген.

1-февралда "Улуттук энергохолдинг" Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулу авариянын себептери иликтенип бүткөнчө кызматынан убактылуу четтетилгенин жарыялаган. Анын милдетин аткаруу ГЭСтерди куруу ишканаларынын башкы инженери Таалай Бектеновго жүктөлгөн.

Бишкек Жылуулук электр борборунун эмгек жамаатынын өкүлдөрү 2-февралда ишканада түзүлгөн кырдаал үчүн күнөөнүн баарын кызматынан убактылуу четтеген жетекчиге жана кызматкерлерге оодаруу адилетсиз болорун айтып чыгышкан ​

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январда иштен чыккан. Абоненттерге жылуулук жетиштүү барбай, 1-февралда гана өтө ысык болбосо да калыбына келди. Айрым райондордун жашоочулары үйлөр дале жакшы жылыбай жатканын айтышууда.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоев менен Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматына байланышкан маселени карап чыгууну «Улуттук энергохолдинг» компаниясына тапшырган. Боркоевдин кызматы боюнча чечим кабыл алына элек.

Бишкек Жылуулук борбору - "Электр станциялары" ишканасына карайт. Ал эми аталган ишкананы "Улуттук энергохолдинг" компаниясы көзөмөлдөйт. (NT)

XS
SM
MD
LG