Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Камактагы оппозициячылар акциясын токтотпой турганын билдиришти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков "кургак ачкачылык" кармоону уланта турганын билдиришти. Бул тууралуу камактагылардын жакындары "Азаттык" радиосуна маалымдашты. Бектур Асановдун карындашы Гүлжан Асанова жана "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму 2-февралдагы сот жараянынан жаздырып алынган аудиону интернетке жарыялады. Анда Асанов камактагы шериктеринин атынан сөз сүйлөп, адвокаттардан баш тартарын жана сотко ишенбегенине байланыштуу кийинки териштирүүлөргө келбей турганын айткан. Ачкачылык акырына чейин уланарын кошумчалаган:

- Мен төрт күндөн бери суу да ичкен жокмун, бирок ушул жараянга келип, эки-үч ооз сөз айтайын деп тамчылатма укол алдым. Болбосо ага да макул эмесмин. Үчөөбүз тең сиздерге эле эмес, Кыргызстандагы сот системасына, прокуратурага ишенбейбиз. Силер Сегизбаевдин кол баласысыңар. УКМК да ошондой. Ошондуктан биздин сотко келип катышканыбыздын жыйынтыгы жок. Кол жоолук экениңердин далили - "Дөө Чыңгыз" дегенди чыгарып туруп, элдин реакциясынан чочуп кайра киргиздиңер. Мен силерге ишенбейм, каалагандай соттой бергиле. Мен экинчи келбейм, акыркы сөзгө, суроолорго да жооп бербейм. Үчөөбүз тең акыр-аягына чейин саясий ачкачылык кармайбыз. Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз. Мен адвокаттардан баш тартам. Мамлекеттик адвокаттарды да албайм. Көтөрүп келсеңер да келбейбиз.

Жазаларды аткаруу кызматынан ачкачылык кармагандардын абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Улуттук коопсуздук комитети да Бектур Асановдун сотто айткандары боюнча комментарий бере элек.

Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына каршылык иретинде жана УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылып, 30-январдан тарта кургак ачкачылык жарыялашкан. Алар УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулганы айтылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен ("Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү") айыпталган саясатчылар 2016-жылдын мартынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып келген. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 17-апрелде Эрнест Карыбековду 20 жыл, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылдан эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилип, үй камагына алынган. Укук коргоо органдары алардын айыбы далилденгенин маалымдаган. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. Райондук сот да, шаардык сот да бул ишти жабык териштирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG