Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:35

Тогуз-Тородо Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршылыкты талкуулоо 7-февралга белгиленди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” райондун акими Тилек Идирисов билдирди. Анын айтымында, жыйынга бардык тараптар чакырылды.

- Биз мыйзамга ылайык иш алып барабыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бар. Ошолордун баары өз корутундусун чыгарып, түшүндүрүп бериши керек. Адамга зыяны, кесепети тийбеши абзел, - деди ал.

1-февралда Тогуз-Тородо Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы митинг өткөн. Анын катышуучулары “фабрика ишке кирсе Чернобыль сыяктуу эле зыяндуу болорун, мал-жан ууланарын” айтып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын талаптары караларын билдиргенден кийин чогулгандар тарап кетишкен.

XS
SM
MD
LG