Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:59

Депутат Аида Саляновага байланыштуу сот жараяны болот


Аида Салянова сотто.
Аида Салянова сотто.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы териштирүү бүгүн уланат. Бул тууралуу эл өкүлүнүн адвокаты Чынара Жакупбекова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Акыркы жараян 2-февралда өтүп, сот эртең мененки саат 10:30дан кечки 20:00гө чейин уланган. Мындан улам актоочу тарап сотко ишеним көрсөтпөө жөнүндө өтүнүч келтирип, бирок ал четке кагылган.

Соттон кийин Салянова журналисттерге чечимди шашылыш чыгаруу аракети жүрүп жатканын билдирген.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (NT)

XS
SM
MD
LG