Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:06

Депутат бажы кызматкерлерин жоопко тартууну сунуш кылды


Зиядин Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Зиядин Жамалдинов бажы тармагында иштеген кызматкерлерди жоопко тартууну сунуш кылды. Мындай пикирин ал "Азаттык" радиосу менен болгон маегинде айтты.

Эл өкүлү январь айында бажы төлөмдөрү мурдагыга салыштырмалуу он эсе көп чогулганын белгилеп, буга чейин аз топтолгонуна бажы кызматкерлерин күнөөлөдү. Жамалдинов алар акчаны "сол чөнтөккө" салган деген пикирде.

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 5-февралда премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, январда 2,8 миллиард сомдон ашык акча чогултулганын айткан. Бул пландалгандан 908 миллион сомго көп.

Расмий кабарга ылайык, Борбордук бажынын күн сайын топтогон каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Ал эми Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөн. Мурда алар күнүнө 1,5-2 миллион сом болсо, учурда 15 миллион сомго жеткен.

Буга чейин өкмөт башчы бажыдагы коррупцияны жоюуга аракет кыларын билдирген. Ошондон кийин Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынган эле. (SE)

Жамалдин Зиядиновдун пикирин бул жерден угуңуз:

"Бажы кызматкерлерин жоопко тартуу керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG