Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 00:09

Аида Салянованын сотунда жарыш сөз уланат


Аида Салянова.

Бишкек шаардык соту бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын апелляциялык арызын кароону улантат. 5-февралдагы жыйында тараптардын жарыш сөзү бүткөн эмес, отурум бүгүнкүгө белгиленген. Эреже боюнча жарыш сөздөн кийин айыпталуучуга акыркы сөз берилип, андан соң чечим окулууга тийиш.

Кечээ прокуратура Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Аида Салянованы үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 8 жылга кесүүнү, ал жазасын дароо өтөй тургандай чечим чыгарууну соттон суранган. Ага чейин Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова депутатка карата Бишкектин Ленин райондук соту мыйзам бузуу менен чечим чыгарганын билдирип, аны актоону өтүнгөн.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG