Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Абакта ачкачылык кармаган үч саясатчынын абалы канааттандырарлык


Камактагыларды колдоочулардын пикети.
Камактагыларды колдоочулардын пикети.

Абакта ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү кабарлашты.

Мекеменин медицина башкармалыгынын башчысы Назгүл Солтобекованын айтымында, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков күн сайын дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп жатышат. Баарынын кан басымы, тамырынын кагышы, каны жана башка биохимиялык анализдери нормада. Бүгүнкүгө пландалган УЗИ жана гастроскопиялык текшерүүдөн үчөө тең баш тартып коюшту.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда өткөн отурумга Бектур Асанов барган жок, калгандары катышты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси, "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. "Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук сот ишти жабык караган. Шаардык сот да жабык өтүп жатат.

Асанов, Кадыров жана Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразылык билдирип жатышат. Ошондой эле алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" жарыялашкан. Баары УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган. (RK)

XS
SM
MD
LG