Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечти


Орусия менен Кыргызстандын желектери.
Орусия менен Кыргызстандын желектери.

2012-жылдын 20-сентябрында Кыргызстанга берилген карызды жөнгө салуу жөнүндө федералдык мыйзамга 5-февралда орус президенти Владимир Путин кол койгонун Кремлдин расмий сайты жазды. Анда документти Мамлекеттик дума 19-январда кабыл алып, андан кийин Федерация кеңеши жактырганы айтылат.

Карызды кечүү жөнүндө протоколго былтыр 20-июнда Москвада мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен орус лидери Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлган. Муну менен өлкөнүн Орусияга 240 миллион доллар карызы жоюлары маалымдалган.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 миллион доллар болчу. 2012-2013-жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 миллион долларын кечкен. Калган 300 миллион доллар 10 жылга созулган мөөнөттө кыскартылат деген келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2016-2017-жылдары 300 миллиондон 60 миллион доллар кыскарып, жыйынтыгында 240 миллион доллар карыз калган. (NT)

XS
SM
MD
LG