Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Сотто Аида Саляновага акыркы сөз берилет


Бишкек шаардык сотунун имараты.
Бишкек шаардык сотунун имараты.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага акыркы сөз берилет.

Эреже боюнча жарыш сөздөн кийин айыпталуучу акыркы сөзүн айтып, андан соң чечим окулууга тийиш. 6-февралдагы жараянда адвокаттардын жарыш сөзү толук бүтпөй, отурум бүгүнкүгө калган.

Ага чейин адвокат депутатты актоону, прокуратура Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, анын үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен сегиз жылга кесүүнү, ал жазасын дароо өтөй тургандай чечим чыгарууну соттон суранган.

Салянова Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (NT)

XS
SM
MD
LG