Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Маалымат айдыңында орус тилинин ролун сактоо талкууга алынат 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги бүгүнкү жыйынды “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду уюштурууда. Ага парламент депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуулар, саясатчылар чакырылган.

Уюштуруучу фонд өлкөдө "орус тилдүү медиа азайып кетти" деп эсептеп, мунун себептерин ортого салууну көздөп жатат. Анын өкүлдөрү орус тили ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттерде эмгектенген мигранттарга, чек ара аймактарындагы бизнести өнүктүрүү жана улут аралык диалогду колдоо үчүн керек деп эсептешет.

Жыйында мектептерде, жогорку окуу жайларында орус тилин үйрөтүүдөгү маселелер, аны чечүүнүн жолдору да талкууланмакчы.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кыргыз тили - мамлекеттик, орус тили - расмий болуп саналат. Өкмөт буга чейин мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген токтом кабыл алган. 2018-жылдын 1-мартынан тартып жалпы мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин "Кыргызтест" мекемеси текшере баштайт. (NT)

XS
SM
MD
LG