Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев баштаган делегация бүгүн Бишкекке келет.
Кыргызстандын Экономика министрлиги билдиргендей, делегациянын иш сапарынын жүрүшүндө министр Артем Новиков Ходжаевди кабыл алат.
Андан кийин эки өлкөнүн ишкерлери катышкан жыйын болуп, тараптар Чүй облусунун Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы ишканаларга барышат. 9-февралда өзбек делегациясы Ош шаарындагы ишканаларды да көрүп чыгат.
Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр 13-14-декабрда Өзбекстанда расмий иш сапары менен болуп, эки өлкөнүн карым-катышын жакшыртуу боюнча бир катар макулдашууларга кол коюлган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын сууп кеткен алакасы 2016-жылдын сентябрынан тартып оңоло баштады. Расмий маалыматка караганда, эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн өлчөмү былтыр 280 миллион долларга жеткен. (NT)