Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

Собчак: Орусия АКШдагы шайлоого таасир эткени чын болсо «өтө өкүнүчтүү»


Ксения Собчак.
Ксения Собчак.

Орусиянын президенттигине талапкер Ксения Собчак 8-февралда Кремлдин Кошмо Штаттардагы шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү үчүн АКШдан кечирим сурады. Ал CNN телеканалынын эфиринде орусиялык хакерлердин шайлоого таасир эткени чын болсо «өтө өкүнүчтүү» деп айтты. Ошол эле учурда Собчак Орусияны изоляция кылбоого, анын эл аралык жараяндарга көбүрөөк катышуусуна мүмкүндүк берүүгө үндөдү.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленген. Ксения Собчак ага «Жарандык демилге» партиясынын атынан катышууда. Жалпыга маалымдоо каражаттары анын талапкерлигин көрсөтүүгө Кремлдин тиешеси бар экенин жазып чыгышкан. Бирок теле алып баруучу муну четке кагып, өзүн «баарына каршы» талапкер деп атап келет.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 8-февралда жарыялаган тизмеге ылайык, президенттик шайлоого сегиз талапкер катышмай болду. Алар - Ксения Собчак, "Орусия коммунистери" партиясынын лидери Максим Сурайкин, учурдагы президент Владимир Путин, Либерал-демократтар партиясынан Владимир Жириновский, "Яблоко" партиясынан Григорий Явлинский, коммунисттерден Павел Грудинин, ишкерлик боюнча акыйкатчы Борис Титов жана улутчул саясатчы Сергей Бабурин.

Ал эми оппозициячыл Алексей Навальныйды БШК мурда ага козголгон кылмыш иштерине байланыштуу каттоодон баш тарткан. Ошондон кийин Навальный алдыдагы шайлоону "Путинди кайра дайындоо" деп баалап, бойкот жарыялоого чакырган.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келатат. Анын ичинде 13 жыл президент болсо, төрт жыл өкмөт башында турган. Бул жолу жеңсе, ал өлкөнү 2024-жылга чейин башкарууга мүмкүнчүлүк алат.

XS
SM
MD
LG