Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:56

Күйүүчү май ташыган автоунаалар кырсыкка кабылган учурлар көбөйдү


Ош-Баткен-Исфана жолунун 125-чакырымында оодарылган күйүүчү май ташыган автоунаа. 6-февраль, 2018-жыл.
Ош-Баткен-Исфана жолунун 125-чакырымында оодарылган күйүүчү май ташыган автоунаа. 6-февраль, 2018-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 6-февралдан бери Кыргызстандын жолдорунда күйүүчү май ташыган үч автоунаа жолдон чыгып, оодарылып кетти.

Нарын районунун Ак-Кудук айылында 7-февралда "КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машине кырсыкка кабылды. Анда сегиз тонна солярка, сегиз тонна бензин болгон. Куткаруучулар автоунааны жолго чыгарып беришкен.

6-февралда Ош-Баткен-Исфана жолунда да күйүүчү май ташыган машине оодарылып, болжол менен 8,2 тонна солярка жерге төгүлдү. Ошол эле күнү Бишкек-Ош унаа жолунда да ушундай кырсык болуп, Кара-Көл шаарына жакын жерде "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа жолдон чыгып, кыйгачынан туруп калган. Машинеде "Петролеум" фирмасына таандык 37 тонна бензин болгон. ӨКМ кызматкерлери бензинди башка машинеге насос менен куюп, "Хово" 7-февралда гана жолго чыгарылган.

XS
SM
MD
LG