Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Кыдыкбаев: түрмөдө ачкачылык кармагандардын акыркы үмүтү президентте


Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган оппозициячылар "кургак ачкачылык" кармоону улантууда. Бул тууралуу абактагылардын адвокаты Марс Кыдыкбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кайрылуу маселеси чечиле элек. Анткени камактагылар Жогорку сот ушул эле чечимдерди бир айдын ичинде күчүндө калтырып коет деп эсептешет. Кыдыкбаевдин айтымында, алар президент Сооронбай Жээнбековдон ишти кайра калыс каратып берүүнү өтүнүп жатышат:

- Он күндөн бери ачкачылык кармагандардын абалы кандай болорун өзүңөр деле жакшы түшүнөсүңөр. Бектур Асановдуку өтө жакшы эмес, Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбековдун абалы орто. Глюкоза, дары, ийне сайып кармап турушат. "Талаптарыбыз аткарылбаса, глюкозадан да баш тартабыз" дешти. Сот тарабынан мыйзам бузуу, акыйкатсыздык болуп жатканына байланыштуу алар ушундай кадамга барууга аргасыз. Туугандары "токтоткула" деп суранып, бирок алар болбой жатышат. "Белизгейт такталбай калды, эми Сегизбаев кетиши керек. "УКМК тарабынан сотторго да кысым болуп жатат" деген маалыматтарды айтышууда.

"Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен Бектур Асановдун "кургак ачкачылык" кармаганына бүгүн он бир күн, Карыбековго – 10 күн, Кадыровго – 9 күн болду.

Бишкек шаардык соту 7-февралда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. (NT)

Марс Кыдыкбаев менен маекти төмөнкү шилтемеден угуңуз.

Түз линк

XS
SM
MD
LG