Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Караколдо сөз эркиндигине байланышкан жыйын өттү


Караколдогу жыйын.
Караколдогу жыйын.

Каракол шаарындагы Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкуулаган жыйынды Сөз эркиндигин коргоо комитети, анын төрагасы Адил Турдукулов уюштурду.

Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү укук коргоочулар, юристтер, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары катышкан тегерек үстөлдө аймакта болуп жаткан адам укуктарына байланышкан маселелер, мамлекеттик органдар менен карапайым адамдардын ортосундагы мамиле бузулуп жаткан жагдайлар тууралуу кеп болду.

Мындан тышкары, учурда камакта жаткан саясатчылардын кандай жагдайда соттолгону, аларга болгон мамлекеттик органдардын мамилеси талкууланды.

Уюштуруучулар мындай тегерек үстөлдөр эми башка облустарда өтөөрүн айтышууда.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму 2017-жылдагы сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстанды 85-позициядан 89-позицияга түшүргөн. Мунун себебин уюм былтыр Кыргызстанда медиа каражаттарына каршы соттук доолор көбөйгөнү менен байланыштырган. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG