Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Пхеньян Сеул менен бирге саммит өткөрүү тууралуу эч нерсе айта элек


Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын делегациясы менен Олимп кобранын ачылышында, 9.02.2018
Түштүк Кореянын лидери Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын делегациясы менен Олимп кобранын ачылышында, 9.02.2018

Кышкы Олимп оюндарынын ачылышына катышкан Түндүк Кореянын делегациясы Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен “ачык” сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу жекшембиде түндүк кореялык маалымат агенттиги кабарлады.

Бирок Пхеньяндын маалыматында Түштүк Кореянын лидерин чакырган Ким Чен Ындын каты жөнүндө эч нерсе айтылбайт.

Пхеньяндан келген Түндүк Кореянын лидеринин карындашы Ким Ё Чжэн жетектеген делегациянын сапары жекшембиде карыды. Батыш басылмалары Түндүк Корея түштүктөгүлөрдүн көңүлүн бурдуртуп, кызыктырууга аракет жасаганын жазышты. Бирок ошол эле маалда Пхеньян чындап эле алаканы жакшыртууну көздөйбү деген ишенбөөчүлүк дагы эле бар.

Ишемби күнкү жолугушуу маалында Ким Ё Чжон түндүк кореялык лидердин катын президент Мун Чжэ Инге өз колу менен тапшырып, “агасынын каалоо-тилегин” билдирген.

Сеул жолугушуу маалында Түштүк Кореянын лидери Пхеньянга келүүгө чакыруу алганын билдирген.

Түштүк Корянын президенти Ким Чен Ындын карындашы менен үч күндүк сапар маалында төрт жолу жолугушту. Делегация Пхеньянга жол тартар алдында эки Кореянын жетекчилери түндүк кореялык оркестрдин концертин көрүштү.

XS
SM
MD
LG