Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 09:33

HRW тажик бийлигин Мирсаидовду эркиндикке чыгарууга үндөдү


Журналист Хайрулло Мирсаидов

Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюму Тажикстандын бийлигин журналист, тажиктердин КВН командасынын капитаны Хайрулло Мирсаидовду камактан чыгарууга кайрадан үндөдү.

“Журналист Хайрулло Мирсаидовго козголгон кылмыш ишти иликтөө дагы эки айга узартылды. Тажикстан үчүн жагымсыз кабар”, – деп жазды "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун Борбор Азия программасынын өкүлү Стив Свердлов Твиттер баракчасына.

Эл аралык уюмдун өкүлү журналист эки айдан бери камакта отурганын белгилеп, “маскарапоздукту токтотуу керек” – деп кайрылат.

Өткөн аптада журналистке козголгон кылмыш ишти иликтөө прокурордун өтүнүчү менен дагы эки айга узартылганы кабарланды.

Хайрулло Мирсаидов былтыр 5-декабрда кармалган. Ага каршы Тажикстандын Кылмыш кодексинин “Каражатты менчиктеп алуу же ашыкча пайдалануу”, “Улуттук, расалык өч алуу же диний араздашуу”, “Жалган документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр-штамптарды даярдоо” жана “жалган маалымат таратуу” деген айыптар тагылган.

Тажиктердин КВН командасынын жетекчиси мындай айыптар менен 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Былтыр декабрда Мирсаидовду камактан бошотуу өтүнүчү менен "Хьюман Райтс Вотч" жана Хельсинки комитети тажик бийликтерине кайрылган. Эл аралык уюмдардын белгилешинче, Мирсаидов президент Эмомали Рахмонго кайрылып, жергиликтүү бийликтин коррупциялык иштерин иликтөөгө чакырганда журналистти куугунтуктоо башталган.

Тажикстандын КВН командасы 2014-жылы уюшулган. Ошол эле жылы коңшу Бишкекте өткөн КВНдин "Ала-Тоо" лигасында финалга чыккан. Бир жылдан кийин Сочидеги фестивалда 400 команданын арасынан 70-орунду ээлеген. Былтыр тажиктер Москвада өткөн борбордук лиганын финалына чыкса, 2016-жылы Бишкекте чемпион наамын жеңген.

XS
SM
MD
LG