Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

Бастрыкин кыйраган Ан-148 учагы боюнча тергөө тобун жетектейт


Кырсык болгон жердеги куткаруучулар, 11.02.2018
Кырсык болгон жердеги куткаруучулар, 11.02.2018

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Москва облусундагы авиакырсыкты иликтөөнү Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыкка тапшырды. Бастрыкин кырсык болгон жерге барып, тергөө тобун өзү көзөмөлдөйт. Бул тууралуу комитеттин интернет сайтына жарыяланды.

Жекшембиде Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Москванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан кийин көп өтпөй кулап, ичиндеги 71 киши каза болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык.

“Cаратов аба жолдору” 1994-жылы уюшулган. 2017-жылы 750 миңдей жүргүнчү ташыган. Авиакомпаниянын Орусиянын ички каттамдарын тейлеген 13 учагы бар.

XS
SM
MD
LG