Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Астана: Ан-148 учагында казак жарандарынын бар-жогу текшерилип жатат


Куткаруучулар кырсык болгон жерде. 11-февраль, 2018-жыл.
Куткаруучулар кырсык болгон жерде. 11-февраль, 2018-жыл.

Казакстандык дипломаттар Москва облусунда кыйраган Ан-148 учагында казак жарандары бар-жогун текшерип жатышканын коңшу өлкөнүн тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков билдирди.

«Ушул тапта казакстандыктар тууралуу маалымат жок», - деди Жайнаков «Казакинформ» агенттигине.

Жекшембиде Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Москванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан кийин көп өтпөй кулап, ичиндеги 71 киши курман болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык.

“Cаратов аба жолдору” 1994-жылы уюшулган. 2017-жылы ал 750 миңдей жүргүнчү ташыган. Авиакомпаниянын Орусиянын ички каттамдарын тейлеген 13 учагы бар.

XS
SM
MD
LG