Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:14

Ош бажысындагы төлөмдөр беш эсе көбөйдү


Кыргызстандын Бажы кызматынын кеңсеси.
Кыргызстандын Бажы кызматынын кеңсеси.

Быйыл январда Ош бажысынан 591 миллион сом топтолду. Муну менен облуста акыркы жылдарда бажынын төлөмү беш эсе арбыды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2017-жылдын январь айында Ош бажысынан 168,5 млн. сом гана чогулган.

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 5-февралда премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, январда 2,8 миллиард сомдон ашык акча чогултулганын айткан. Бул пландалгандан 908 миллион сомго көп.

Расмий кабарга ылайык, Борбордук бажынын күн сайын топтогон каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Ал эми Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөн. Мурда алар күнүнө 1,5-2 миллион сом болсо, учурда 15 миллион сомго жеткен.

Буга чейин өкмөт башчы бажыдагы коррупцияны жоюуга аракет кыларын билдирген. Ошондон кийин Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG