Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Алмаз Үсөнов: КСДПнын жаңы тизмесин түзүү жөнүндө сөз жок


Алмаз Үсөнов.
Алмаз Үсөнов.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) курултайы быйыл апрелде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөнов "Азаттыкка" билдирди.

Ал буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган "партиянын жаңы тизмеси тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деген маалыматтарды четке какты. Азыр КСДПнын жаңы тизмесин түзүү тууралуу сөз болбогонун билдирди. Ошол эле учурда курултайдын күн тартибин так айткан жок.

Бүгүн парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков "Азаттык" менен болгон маегинде курултай апрелде өтөрү болжолдонуп жатканын ырастады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын курултайынын мөөнөтү мурда да бир нече жолу жылган. "Курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаев мындан аркы саясий кадамдарын аныктайт" деген кабар тараган.

Партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов декабрда курултайда партиянын төрагасы шайланарын билдирген. Ал азырынча партияны жетектөөгө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин гана талапкерлиги каралып жатканын кошумчалаган.

Атамбаев былтыр бийликтен кеткенден кийин саясатта калып, партияны жаңылоо менен алектенерин айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG