Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

Кыдыкбаев: ачкачылык кармагандардын ичинен Асановдун абалы оор


Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деген айып менен соттолуп, камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармоону улантып жатышат. Адвокат Марс Кыдыкбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алар коюлган талаптар аткарылмайынча ачкачылыктан баш тартай турганын айтышкан:

- Булар "акырына чейин барабыз" деп атышпады беле. Ачкачылыкты токтотпойт. "Кургак ачкачылыктан" баш тартышы мүмкүн. Бирок "ачкачылыкты улантабыз, токтотпойбуз" деп атышат. Чынын айтканда, булардын арасынан Бектур Асановдун абалы оор. Кадыров менен Карыбековдун абалы Асановго караганда жакшыраак. Бирок он күндөн ашык убакыттан бери наар албаган адамдын абалы кандай болорун билесиздер да. Жакшы эмес.

Бүгүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф Кубанычбек Кадыров суу жана чай иче баштаганын, бирок ачкачылыкты улантып жатканын кабарлаган. Мекеменин өкүлү "алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баарынын абалы канааттандырарлык" деп билдирген. Маалыматка караганда, үч саясатчыга учурда тамыр аркылуу глюказа куюлуп, витаминдер берилип жатат.​

"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып "кургак ачкачылык" кармай баштаган. Ошондон кийин үчөө тең УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №47 колонияга которулган.

10-февралда алар менен жубайларынын жолугушуусуна уруксат берилген. Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева саясатчылардын абалы өтө оорлоп кеткенин “Азаттыкка” маалымдаган. Ал эми Эрнест Карыбековдун зайыбы Элмира Карыбекова күйөөсүнүн ал-күчү кетип калганын, камактагылар глюкоза менен кармалып турганын кабарлады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы "Бектур Асанов өзү баса албай калды" деген маалыматты четке каккан.

Бишкек шаардык соту 7-февралда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. (NT)

XS
SM
MD
LG