Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

ЖЭБдеги техникалык авариянын себептери белгилүү болду


Мекеме аралык коммиссия ЖЭБде иликтөө жүргүзүп жаткан учур.
Мекеме аралык коммиссия ЖЭБде иликтөө жүргүзүп жаткан учур.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаалды иликтөө боюнча вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жетектеген мекеме аралык комиссия баштапкы жыйынтыгын чыгарып, авариянын себептерин аныктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, аварияга ЖЭБдин жана мекеме баш ийген “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин “техникалык эрежелерди одоно бузганы себеп болгон”. ЖЭБдин ыкчам кызматкери жетекчилик менен макулдашпай суу кампалардагы химиялык суунун (химобессоленная вода) өлчөмүн кескин түрдө азайтып жиберип, ал жабдуулардын иштен чыгышына алып келген. 24-январдан баштап гана бул суу көбөйтүлө баштаган. Бирок ага арабай кампалардагы суунун көрсөткүчтөрү жана насостор тоңуп калган. Ыкчам персонал химиялык суу берген жабдуунун ишиндеги штаттан тышкаркы режимдин себебин так аныктай алган эмес. Натыйжада ар бир цехти караган кызматкер өз алдынча эле иштеп, авариялык кырдаалда зарыл болгон жалпы координация иштери жүргүзүлгөн эмес.

ЖЭБдеги жагдайдын андан ары оорлошуна сырткы түтүктөр, жылуулукту өлчөөчү жабдуулар жана от казандардагы автоматтар тоңуп калганы себеп болгон.

ЖЭБде суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, шаардыктар жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, баш калаанын тургундарын катуу нааразы кылган.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-январда ЖЭБде көчмө жыйын өткөргөн. Ушул эле күнү Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийин Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулу кызматынан бошотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG