Кыргызгидромет чукул билдирүү таратып, ушул күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болорун эскертти. Тоолуу жолдорго муз тоңот, кар күрткүсү болот. Кар көчкү коркунучу бар. Мындай аба ырайы 18-февралга чейин созулат.
16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бурганак болушу мүмкүн. Зымдарга, дарактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6;
Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -3...+2;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -8...-13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -11...16 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...-4 градус болот.