Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:06

Мэр шайлоонун эрежеси өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилип, президент Сооронбай Жээнбеков ага 16-февралда кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 15-февралда кабыл алган.

Жаңы эреже боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу органдарынын жетекчилерин шайлоого шаардык же айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү катышса, шайлоо мыйзамдуу болуп эсептелет.

Мурда депутаттардын үчтөн эки бөлүгү келбесе, шайлоо өтчү эмес. Мыйзамдагы "үчтөн экиси" деген жер "көпчүлүгү" деп өзгөртүлдү.

2017-жылы Жалал-Абад шаарында эски мыйзамдагы эрежеден улам мэр шайланбай калган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG