Жапониянын жараны Матсуда Шинжинин доо арызын Бишкектин Биринчи май райондук соту териштирип жатат. Бул иш боюнча кезектеги жараян бүгүнкүгө коюлган.
2011-жылдан бери Жапониянын Кыргызстандагы JICA уюмунун ыктыярчысы болуп иштеп келген Матсуда Шинжи “Кыял” кайрымдуулук фонду аркылуу көзү азиздерге жардам көрсөтүп келгенин, бирок аны “Empower Blind People” деген коомдук бирикменин жетекчиси Элнура Эмилканова алдап кеткенин айтып, 2017-жылы мартта сотко кайрылган.
Өткөн аптада ал "соттор калыс чечим чыгарбай жатат" деп Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, жардам сураган.
Элнура Эмилканова жапониялыктын арызы тууралуу комментарий бере элек. (NT)