Абакта ачкачылык кармоону улантып жаткан оппозициячылар Бектур Асановду, Эрнест Карыбековду жана Кубанычбек Кадыровду ар кайсы колонияларга бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл алынганын алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, саясатчылар 20-февралда абактарга бөлүштүрүлөт:
- "Үчөө үч башка абакка которулат" деген сөз бар. Бирок ал азырынча тактала элек. Чогулуп алып, ачкачылык кармабасын деген саясат го.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагылардын бөлүнүшү тууралуу маалымат бере элек.
"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан тартып "кургак ачкачылык" кармай баштаган.
"Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камакка алынган Асанов менен Карыбековду сот 12 жылга, Кадыровду 20 жылга эркинен ажыраткан.
Учурда Бектур Асанов Бишкектеги №47 колонияда отурат. Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров 15-февралда №1 абакка которулган. Дарыгерлердин сунушу менен Кадыров 12-февралдан бери суу ичип, бирок ачкачылык кармоону улантууда. (NT)