Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

ТИМ: Иранда кыйраган учакта Кыргызстандын жарандары жок 


Иран. Окуя болгон жердин картасы.
Иран. Окуя болгон жердин картасы.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин баштапкы маалыматына таянуу менен кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар жоктугун билдирди.

Учак 18-февралда Тегерандан Ясуж шаарына баратып Исфахан чөлкөмүндөгү тоолорго кулап түшкөн. Учакка ээлик кылган жергиликтүү "Асеман" компаниясы алгач борттогу 66 кишинин баары каза болгонун кабарлады. Бирок көп өтпөй куткаруучулар кырсык болгон жерге жете электигин, каза болгондордун так санын айта албай турганын билдиришти.

Мамлекеттик телеканалдын маалыматына караганда, учак 440 метр бийиктиктеги Дена тоосунда кыйраган, катаал аба ырайы кырсык болгон жерди так аныктоого жолтоо болуп туруп алды. Авиакырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG