Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:46

Киевде президенттин кызматтан кетишин талап кылган жүрүш болду


18-февралдагы жүрүш.
18-февралдагы жүрүш.

Украинанын баш калаасы Киевде оппозициялык "Жаңы күчтөр кыймылы" ири акция өткөрдү. Михаил Саакашвили түзгөн кыймыл мамлекет башчы Петро Порошенконун кызматтан кетишин талап кылууда.

Уюштуруучулардын божомолунда жекшембидеги жүрүшкө он миңдей адам катышты. Демонстранттар Михайлов атындагы аянтка жеткенде телефондун үнү катуу чыгарылып, Украинадан күчтөп чыгарылган Саакашвили өз тарапташтарына кайрылды.

Ал "украин элин токтотуу мүмкүн эмес" деди телефондон.

Украин-грузин саясатчысы Михаил Саакашвили өткөн аптада Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган.

Ошол эле учурда Киевде чогулган улутчулдар Орусияга тиешелүү банк жана башка имараттарды ташбараңга алышты. Алар орустардын Украинадагы мекеме-ишканаларын жабууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG