Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Жээнбеков: Чек ара маселесин толук чечкенге аракет кылабыз


Президент Сооронбай Жээнбеков Исфанада.
Президент Сооронбай Жээнбеков Исфанада.

“Жакынкы жылдары биз чек ара маселесин толук чечкенге аракет кылабыз” деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Баткенде эл менен жолугушууда. Исфана шаарында өткөн жыйынга Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары да катышты.

Мамлекет башчы Өзбекстанда жана Тажикстанда өткөн иш сапарларынын жыйынтыгы, эки тараптуу кызматташтык тууралуу айтып берип, эл аралык тажрыйбада чек ара маселелери сүйлөшүү жолу менен чечилерин кошумчалады.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактагы социалдык маселелерди көтөрүп, каалоо-тилектерин айтышты. Коррупцияга каршы күрөш, аймактарды өнүктүрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жер тилкелерин трансформациялоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, ичүүчү жана сугат суу, туризм жана спорт маселелери козголду.

Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү анын президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты экенин айтты. Ал коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн, мында элдин жардамы да маанилүү экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% жыл 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок аны делимитациялоо жана демаркациялоо аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор тилкелер экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 900 чакырымдан ашат жана анын теңине жакыны талаштуу.

XS
SM
MD
LG