Расмий маалыматтарга караганда, Тегеранда суфилер менен полициянын кагылышуусунда коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери курман болуп, 300дөй киши кармалды.
"Гонабади Суфи" тобунун мүчөлөрү же дервиштер башкалаанын түндүгүндө кечээки нааразылык акциясында тутанган кагылышта жок дегенде бир мүчөсү каза болгонун маалымдашты. Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтарга ылайык, дервиштер бул диний уюмдун мүчөсүнүн кармалышына каршы чыгып, полиция бөлүмүнүн жанына чогулушкан. Интернетке чыккан жана мамлекеттик телеканал көргөзгөн видеодо автобус полиция кызматкерлерин барып сүзгөнүн көрсө болот. Тартип коргоочулар ошондо үч киши каза тапканын билдиришкен.
Бүгүн полициянын басма сөз катчысы Мунтазир Алмахди Революция сакчыларынын куралдуу күчтөрү болгон "Басиж" уюмунун эки мүчөсү да өлгөнүн кабарлады.