Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Казакстанда камалган кыргыз депутатынын казак жарандыгы да бар экени ырасталды


Асылбек уулу Дамирбек.
Асылбек уулу Дамирбек.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырасталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбакиев “Азаттыкка” кабарлады:

- Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунда казак жарандыгы бар экенин ырастаган расмий катты бизге жөнөттү. Маалымат тастыкталды.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн да жараны болууга уруксат жок.

Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG