Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Мюррей: Бириккен Корея командасынын келечегин айта албайм


Кореянын жана Япониянын курама командалары. 14-февраль, 2018-жыл.
Кореянын жана Япониянын курама командалары. 14-февраль, 2018-жыл.

Түндүк жана Түштүк Кореянын бириккен хоккей командасын машыктырган Сара Мюррей бейшембиде маалымат жыйынын өткөрүп, оюнчулары менен сыймыктанып турганын билдирди. Ал хоккейчилердин бирөө эле каршы болсо жамаатка өтө кыйын болмок деген пикирин айтты.

- Башында "Түндүк келатат" дегенде оюнчулар сыяктуу мен да аз-маз каршы болгом. Бирок алар келип, биздин оюнчулар менен музга чыгар замат теңтайлаша аларын, ойногусу, үйрөнгүсү келерин көрсөтүштү. Ошон үчүн биз да аларды үйрөткүбүз келди, - деди Мюррей.

Ал эки өлкөнүн оюнчулары чогуу тамактанып, кучакташып, күлгөнүн көрүү өтө жагымдуу болгонун кошумчалады.

Бирок хоккей устаты келечекте курама команда бириккен бойдон калар-калбасын айта алган жок. "Азыркы жагдай биздин көзөмөлдөн тыш жаралды. Ошонүчүн келечекте эмне болуп кетерин азыр айта албайм" дейт машыктыруучу.

Пхёнчхаңдагы кышкы Олимпиадада хоккей командасын бириктирүү тууралуу Түштүк Корея демилге көтөргөн. Бул Сеулдун Олимпиаданы эки Кореянын ынтымагына данакер кылуудагы аракеттеринин бири болду.

Корей жарым аралынын командасы беш оюнду удаа уттуруп, акыркы орунду алганына карабай аларга дүйнө кызыгуу менен карап турду. Ал тургай Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү Анжела Ружиеро аларга Нобелдин тынчтык сыйлыгын берүүнү сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG