Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Эки Кореянын алакасындагы “муздун эриши”


Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ен жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон. Сеул, 11-февраль, 2018-жыл.
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ен жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон. Сеул, 11-февраль, 2018-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы башында турган жогорку даражалуу делегациянын Түштүк Кореядагы үч күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Анда Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президентин Пхеньянга чакырганы маалым болду. Эл аралык коомчулук бул окуяны эки Кореянын мамилесиндеги “муздун эриши” катары сыпаттап жатат. Анткен менен Кошмо Штаттар оң жылыштар тууралуу айтуу эрте экенин белгилешти.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы баштаган делегациянын Сеулга сапары аяктады. Түштүк Корея түндүк коңшусу менен кызматташууну улантуунун жолун издеп, Корей согушу бөлгөн үй-бүлөлөрдү бириктирүүгө, аскердик чыңалууну басаңдатууга аракет кылары тууралуу билдирүү таратты.

Түндүк Кореянын лидеринин бир тууган карындашы Ким Ё Чжон башында турган делегациянын сапары үч күнгө созулду. Алар Пхёнчхаңдагы Кышкы Олимпиаданын ачылыш салтанатына катышып, андан соң Түштүк Кореянын президенти менен чогуу тамактанышты. Жолугушуу маалында Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президентине агасынын салам дубайын айтты.

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан жолугушуу кандай өткөнүн Түштүк Кореянын президенттик администрациясынын өкүлү Ким Эйи-Кейом төмөнкүчө баяндады:

- Атайын чабарман Ким Ё Чжон Жарандардын иштери боюнча комиссиянын башчысы Ким Жонг Ундун катын тапшырды. Анда Ким Жонг Ун эки Кореянын ортосундагы алаканы жакшыртууга даяр экенин жазган. Андан кийин Ким Ё Чжон оозеки түрдө Ким Чен Ындын чакыруусун жеткирди. Ал агасы Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Инди ага ылайык болгон кандай гана убакыт болбосун Пхеньянда тосуп алууга даяр экенин кошумчалап, канчалык эрте болсо ошончо жакшы экенин айтты.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин менен учурашып жатат. Пхёнчхаң, 9-февраль, 2018-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин менен учурашып жатат. Пхёнчхаң, 9-февраль, 2018-жыл.

​Ушу тапта Мун Чже Ин Түндүк Корея лидеринин чакыруусун кабыл алабы же жокпу деген суроо кызык болуп турат. Эгер президент Ин Пхеньянга барып, Ким Чен Ын менен жолукса, эки өлкөнүн мамилесиндеги өзгөчө окуя болот. Эки корей өлкөлөрүнүн лидерлери көзмө-көз жолукпаганына он жылдан ашты. Акыркы ирет Түштүк жана Түндүк Кореянын президенттери 2007-жылы жолуккан. Анда Түндүк Кореянын башында Ким Чен Ындын атасы Ким Чен Ир турган эле.

Түштүк кореялыктар Ким Ё Чжондун келишин тарыхый сапар катары баалап, Пхеньяндын Олимпиадага катышуусун кубатташканы менен коңшу өлкө чындап эле алаканы жакшыртууну көздөйбү деген шектенүүлөр бар.

11-февралда миңге чукул киши Сеулда митинг уюштуруп, эки Кореянын спортчулары Олимп оюндарынын ачылышында чыккан Корей жарым аралынын тууну өрттөштү. Алардын талаптары тууралуу "Кореянын патриоттору" партиясынын өкүлү Хео Ман Ки буларды айтты:

- Эртең мененки тамактануу маалында Ким Ё Чжон кат тапшырды. Менимче бул катта эки Кореянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларды уюштуруу сунушталган. Бирок биз Түндүк Корея өзөктүк куралынан баш тартпаса, мындай саммиттин өткөрүлүшүнө каршыбыз.

Нааразылык акциясына чыккандар Корей жарым аралынын сүрөтү тартылган тууну өрттөп жатышат. Сеул, 11-февраль, 2018-жыл.
Нааразылык акциясына чыккандар Корей жарым аралынын сүрөтү тартылган тууну өрттөп жатышат. Сеул, 11-февраль, 2018-жыл.

​Сеулдун жакын саясий шериктеши АКШнын расмий өкүлдөрү да Түндүк жана Түштүк Кореянын мамилеси тууралуу так кесе бүтүм чыгаруу эрте деп эсептейт. Мындай пикирин ишембиде Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс Пхенчхандан кайткан жолдо учакта баратып журналисттерге берген маегинде билдирди.

Пенс Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Пхеньян өзөктүк куралдан баш тартмайынча экономикалык, димпломатиялык басымды күчөтө берерин шардана кылды.

Олимпиаданын ачылыш аземинде Майк Пенс Ким Ё Чжон менен бир катарда кол сунса жетчүдөй отурганы менен такыр сүйлөшкөн жок. Кореядагы сапар маалында эки тарап ортосунда эч кандай байланыш болбогону айтылды.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис да эки мамлекет ортосундагы мамиленин жанданышы Олимпиададан кийин да уланарына көзү жетпесин белгиледи.

- Түндүк Корея Вашингтон менен Сеулдун ортосуна жарака кетире албайт. Азыр Олимпиада оюндары чыңалууну басаңдатат деп айтыш эрте. Муну оюндар жыйынтыкталгандан кийин көрөбүз. Биз азыр бул тууралуу эч нерсе айта албайбыз.

Мэттис ошондой эле Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү “Американын куурчагы” деп далай жолу атаган өлкө (Түштүк Корея) менен алака-катышын оңдоого аракеттенгендей түр көрсөткөнүнө карабастан, ошол эле учурда аскердик парад уюштуруп, баллистикалык ракеталарын даңазалаганы “таң калычтуу” экенине көңүл бурду.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.
АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.

Пхёнчхаңдагы Олимп оюндарынын алдында Түштүк жана Түндүк Корея өз ара сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Пхеньян бул оюндарга жогорку жетекчиликтен турган делегациясынан башка өз спортчуларын, күйөрмандарын жиберген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG