Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Москвада Навальный жана анын штаб башчысы кармалды


Алексей Навальный жана Леонид Волков.
Алексей Навальный жана Леонид Волков.

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды Москвада полиция кармап кетти. Саясатчы бүгүн тиш доктурдан чыгып келатканда кармалганын "Твиттердеги" барагына жазды.

Андан жарым саат мурда Навальныйдын федералдык штабынын башчысы Леонид Волков аэропорттон кармалган. Ал оппозициячынын тарапташтары жана ыктыярчылар менен жолукканы Уфага учмак.

​20-январда Москвадагы райондук сот Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Роман Рубановду 10 суткага камакка алган. Ал 28-январда өткөн, шайлоого катышпоого чакырган акцияга байланыштуу кармалган.

БШК каттабай койгондон кийин Навальный орусиялыктарды шайлоого барбай, бойкоттоого чакырып келет. Ал Кремлди "атаандаштыкка жол бербей, президент Владимир Путиндин кайра-кайра бийликке келишине шарт түзүүдө" деп сындап келет.

XS
SM
MD
LG