Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

БШК Салянованын ордуна келчү талапкерге мандат берүү жараянын жүргүзүп жатат


Аида Салянова Жогорку Кеңеште. 21-февраль, 2018-жыл.
Аида Салянова Жогорку Кеңеште. 21-февраль, 2018-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, парламенттеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими БШКга келди. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси жакында каралат. Азыр тизмеде кийинки болуп турган талапкерге мандат берүүдөгү тиешелүү процедуралык иштер жүргүзүлүп жатат. Анын соттуулугу, жарандыгы боюнча маалыматтар такталууда.

- Соттуулугу, жарандыгы боюнча расмий маалыматтар мамлекеттик органдардан келип түшкөндөн кийин ал боюнча маселени карайбыз, - деди Бекматов.

“Ата Мекен” партиясынын парламентке депутат болуп келчүлөрдүн тизмесинде Саляновадан кийин 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, кийин ысымын өзгөрткөн Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат турат.

Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны эл өкүлү үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Ал сот чечимин "саясий буйрутма" деп баалап, жогорку инстанцияга даттанган.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Мыйзам боюнча шаардык соттун чечиминен кийин депутаттын мандаты алынууга тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG