Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

Түштүк Корея: Вашингтон менен Пхеньяндын сүйлөшкөнү маанилүү


Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин .
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин .

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин "АКШ менен Түндүк Корея тез арада сүйлөшүүлөрдү баштаганы маанилүү" деп эсептейт. Ал мындай оюн 26-февралда Кытайдын вице-премьер-министри Лю Яньдун менен жолугушуп жатып айтканын анын администрациясы кабарлады.

Кышкы Олимпиаданын жабылыш аземинде Мун Чже Ин генерал Ким Йонг Чол жетектеген түндүк кореялык делегация менен жолуккан. Генерал да “Түндүк Корея - АКШ диалогун өткөрүү ниети жетиштүү” экенин белгилегенин "Рёнхап" маалымат агенттиги жазды.

Өткөн аптада АКШ Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Бул жолку жазалоочу чаралар Пхеньянга санкциялардан качууга жардам бергени тууралуу шектенүү менен бир адамды, 27 компанияны жана 28 кемени бутага алаары кабарланган.

Пхёнчхаңдагы кышкы Олимпиаданын ачылышына Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон да келип, эки тарап жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.

XS
SM
MD
LG