Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Орусиянын соту Собчактын Путин тууралуу арызын четке какты


Журналист, президенттикке талапкер Ксения Собчак.
Журналист, президенттикке талапкер Ксения Собчак.

Орусиянын Жогорку соту президенттикке талапкер Ксения Собчактын президент Владимир Путинге байланыштуу апелляциялык арызын четке какты. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлады.

Февраль айынын ортосунда журналист Собчак Путиндин президенттикке талапкер болуп катталышын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп сотко кайрылган. Ал өз арызында Путиндин буга чейин үч мөөнөт президент болуп иштегенин жүйө келтирип, анын быйылкы президенттик шайлоого кайра катышууга укугу жоктугун белгилеген.

16-февралда Жогорку сот Путиндин шайлоого катышуусун мыйзамдуу деп тапкан. Буга макул болбогон Собчак кайра апелляциялык арыз жазган эле.

65 жаштагы Владимир Путин президент жана өкмөт башчы катары Орусияны 18 жылдан бери башкарып келет.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленген. Ага баш-аягы сегиз талапкер катышууда. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы мурда соттолгонун жүйө кылып, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын талапкерлигин каттаган эмес.

XS
SM
MD
LG