Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

Жээнбеков Ниязовдун кызматтан кетүү жөнүндө арызын кабыл алган жок


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева ырастады. Андан алынган маалыматка караганда, Ниязов мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен ишемби күнү, 24-февралда оозеки сүйлөшкөн учурда кызматынан кетүү тууралуу оюн билдирген.

- Президент мындай чечимди кабыл алган эмес, мындан ары да бирге иштешүүнү сунуш кылган. Фарид Ниязов дүйшөмбүдө президентке кирген. Бирок президент арызга кол койгон эмес. Ал Ниязовдун шайлоодон кийин эс албаганын эске алып, бир жума эс алууну сунуш кылган, - деди ал.

Алгач 1-декабрда президент Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп дайындалган Фарид Ниязов 11-декабрда аппарат башчылыгына барган. Президенттик шайлоо учурунда ал азыркы мамлекет башчы, КСДПдан көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген.

Ал буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратын жетектеп, андан кийин мамлекет башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG