Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Түштүк Корея: айыптоочулар мурдагы президентти 30 жыл камоону өтүнүштү


Пак Кын Хе.
Пак Кын Хе.

Түштүк Кореядагы сотто айыптоочулар мурдагы президент Пак Кын Хени 30 жылга кесип, 127 млн. доллар жазаны өндүрүүнү өтүнүштү.

Пак Кын Хе былтыр жемкорлукка жана кызматтык кыянаттыкка байланыштуу шектүү катары камакка алынган. Андан мурда жумалап созулган элдик толкундоолордон кийин импичмент аркылуу кызматынан кетирилген.

Экс-президент бардык айыптоолорду четке кагып келет. Анын адвокаты ырайым сурап жатканын жергиликтүү медиа жазууда. Сот чечими апрелге чейин чыгаары күтүлөт.

Эки жума мурда эч жерде иштебесе да президент курбусуна таянып алып, ишкерлерден опузалап миллиондорду алып турганы сөз болгон Чхве Сун Сил 20 жылга кесилген. (MTo)

XS
SM
MD
LG