Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Чехиянын соту күрттөрдүн лидерин камактан бошотту


Салих Муслим (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Салих Муслим (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Праганын муниципалдык соту жекшембиде Чехиянын баш калаасында кармалган Сириядагы күрттөрдүн "Демократиялык биримдик партиясынын" мурдагы төрагасы Салих Муслимди камактан бошотту.

Күрттөрдүн лидеринин ондогон тарапташтары сот имаратынын алдына чогулуп, камактан бошотууну талап кылышты.

Дүйшөмбүдө Праганын эки жеринде - Ички иштер жана Юстиция министрликтеринин алдында жана Вацлав аянтында демонстрациялар өттү.

26-февралда Анкара Салих Муслимди өткөрүп берүүнү өтүнүп, чех бийлигине расмий түрдө кайрылган.

Салих Муслим “Интерполдун” эскертүүсү менен 24-февралда Прага шаарында кармалган.

Түркия күрттөрдүн "Демократиялык биримдик партиясын" «террорчул топ» деп тааныйт. 67 жаштагы Муслим былтыр партиянын төрагалыгынан кетсе да Сириядагы күрттөрдүн арасында таасирин жоготкон эмес.

XS
SM
MD
LG