Ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык Мээрим Жуманазарова коло байгенин ээси болду.
Бүгүн, 1-мартта күрөштүн бул түрүнөн беш салмакта байгелер ойнотулду. Байге үчүн ат салышууга Кыргызстандан төрт өкүл чыгып, алардын арасынан Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштү.
68 килограмм салмакта күрөшкөн Мээрим Жуманазарова чейрек финалда жапониялык Мэй Хаякаваны 5:1 эсебинде жеңип алып, жарым финалга чыккан. Финалга чыгыш үчүн монголиялык Туменцецег Шархуу менен айыгышкан таймашта жеңилип (2:2), алтын байгеге күрөшпөй калды. Ал коло байге үчүн индиялык Дивя Какран менен күч сынашып, 12:6 эсебинде жеңишке жетти.
Азия чемпионаты. 68 кг. 3-орун үчүн беттеш. Дивя Какран (Индия) - Мээрим Жуманазарова (Кыргызстан). Бишкек. 1-март, 2018-ж.
Мээрим Жуманазарова 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. Бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси.
Күрөштүн ушул эле түрүнөн Бишкектеги Азия чемпионатында 76 килограмм салмакта Кыргызстандын намысын Айпери Медет кызы коргоду. Медет кызы чейрек финалда жапониялык Хирое Минагавага 2:0 эсебинде жеңилди. Жапондук кыз финалга чыккандыктан кыргызстандык балбан кызга коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылды. 3-орун үчүн таймашта Айпери Медет кызы түштүк кореялык Еунжу Хванг менен беттешип жеңилди (0:12).
Айпери Медет кызы кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатында күмүш, (2015-ж.), алтын (2016-ж.), дүйнө чемпионатында күмүш (2016-ж) медал тагынган. 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Бир нече эл аралык мелдештерде байге алган.
Бүгүн килемге чыккан кыргызстандыктар Саяна Байызова (50 кг) казакстандык Марина Закшевскаяга жеңилсе, Нураида Анаркулова (59 кг.) түштүк кореялык Жиеун Умга чейрек финалда утулуп, мелдештерин жыйынтыкташты. Эртең да күрөштүн ушул түрүнөн беш салмакта байгелер ойнотулат. Ал күнү Кыргызстандан жалгыз гана Мадина Надырова 53 килограмм салмакта килемге чыгат.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 4-мартка чейин уланат. 3-мартта эркин күрөш боюнча таймаштар башталат. (ECh).